1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

1

КОРРУПЦИЯСЫЗ билим берүү — жаркын келечектин пайдубалы!!!

БУУнун Туруктуу өнүгүү боюнча Глобалдык келишиминин «Сапаттуу билим берүү» принциптерин ишке ашыруунун алкагында, 2026-жылдын 21-апрелинде Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунда маанилүү иш-чара өттү. Профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасы тарабынан «КОРРУПЦИЯСЫЗ билим берүү — жаркын келечектин пайдубалы!» аттуу тематикалык жолугушуу уюштурулду.

Иш-чарага кафедра башчысы, ф.и.к., доцент Р.К. Шамшиев, улук окутуучу Ы.М. Кожоназарова,  ошондой эле окутуучулар Н.С. Алдозова жана  Н.А. Жолдошева катышып, «Социалдык иш» адистигинин студенттери менен коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкүдөй негизги маселелер каралды:

ü   Студенттерге Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» мыйзамынын жана тиешелүү ченемдик укуктук актылардын маани-маңызы түшүндүрүлдү.

ü   Социалдык иш адистигиндеги ачык-айкындуулуктун, академиялык чынчылдыктын жана моралдык жоопкерчиликтин маанилүүлүгү баса белгиленди.

ü   Профессордук-окутуучулук курам студенттерди коомдук жашоодо жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндө укуктук нормаларды так сактоого, ар кандай коррупциялык көрүнүштөргө каршы турууга жана таза коомду курууга салым кошууга чакырышты.

Иш-чара студенттер арасында активдүү талкуу жаратып, жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана окуу жайдагы коррупцияга каршы чөйрөнү бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болду.