1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

37

1

Тажрыйба алмашуу жана жаңы мүмкүнчүлүктөр

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине ылайык жумуш ордунда окутуу, өнөктөштүк максатында “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунунсоциалдык иш багытынын СКк-1-23 тайпасынын студенттери улуу окутуучу Ы.М. Кожоназарова жана практикант Р. Зарылбеков менен бирге 10-апрель күнү “Данакер” коомдук фондунун жетекчиси А.Тарыкчиева  тарабынан уюштурулган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын бизнес жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталган иш-чарага студенттер жигердүү катышты. Гүл өстүрүү жана бул тармакты кирешелүү бизнеске айлантуу боюнча өткөрүлгөн тажрыйба алмашууда жаштар өзгөчө муктаждыгы бар инсандардын эмгекчилдигине жана ишкердикке болгон кызыгуусуна күбө болушту. Студенттер иш-чаранын жүрүшүндө практикалык жардам көрсөтүү менен бирге, өсүмдүктөрдү багуунун заманбап ыкмалары боюнча өз билимдери менен бөлүшүп, инклюзивдик коомду өнүктүрүүгө салым кошушту.

Бул жолугушуу студенттер үчүн жөн гана окуу тажрыйбасы эмес, социалдык жоопкерчиликти сезүүгө чоң түрткү болду. Катышуучулар гүл өстүрүү бизнесинин кылдат жактарын талкуулап, келечекте биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты. Мындай иш-чаралар жаштардын арасында кайрымдуулук маданиятын калыптандырып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын өз алдынча киреше табуусуна жана коомго аралашуусуна дем-күч берген маанилүү аянтчага айланды.