1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

29

1

Ачык эшиктер күнү: экономика жана укук Институту

Экономика жана укук институтунун кесиптик багыт берүү иш-чараларынын планына ылайык, 2026-жылдын 27-апрелинде Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинде «Ачык эшиктер күнү» иш-чарага катышты. Иш-чарага Жалал-Абад облусунун райондорунан жана шаарларынан келген мектеп бүтүрүүчүлөрү, алардын ата-энелери жана мугалимдери катышты.

Иш-чаранын негизги максаты — конокторду университеттин шарттары, билим берүү мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу, бүтүрүүчү класстардын окуучуларына кесиптик багыт берүү, абитуриенттерди окуу процесси менен тааныштыруу, ошондой эле институттар менен колледждер тууралуу кеңири маалымат берүү болду.

Мындан тышкары, бүтүрүүчүлөр окуу корпустары, лабораториялар, заманбап инфраструктура жана университеттин материалдык-техникалык базасы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Иш-чаранын расмий бөлүгү башталганга чейин конокторго окутуучулар менен студенттердин жетишкендиктеринин көргөзмөсү менен таанышууга шарт түзүлдү.

Иш-чараны университеттин ректору, техника илимдеринин доктору Кеңешбек Усенов ачты. Ал өз сөзүндө ЖАГУ жыл сайын өнүгүп жатканын, студенттер үчүн жагымдуу шарттарды түзүп жатканын, чет өлкөлөр менен активдүү кызматташып, окуу менен катар эл аралык тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк берип жатканын белгиледи.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө коноктор Экономика жана укук институту тарабынан уюштурулган мастер-класстарга катышышты:

«ЖАГУ — кесиптер борбору» (модератору — Эмил Нажимидинович Толонов);

«Экономика — мамлекеттин өнүгүүсүнүн рычагы» (модератору — Нурбек Куралбекович Мусакулов);

«Социалдык иш — жүрөк менен тандалган кесип» (модератору — Адилет Алимжанович Усенов);

«Киберкылмыштуулук жана санариптик мыйзамдар: келечектеги юрист» (модератору — Талайбек Жолдошевич Сусунбаев);

«Юридикалык билим берүүнүн горизонттору» (модератору — Нурманбет Алибаевич Кулушев).

Иш-чара студенттер тарабынан даярдалган майрамдык концерт менен жыйынтыкталды.

Бул жолугушуу окуучулар үчүн пайдалуу болуп, алардын келечектеги кесип тандоосуна оң таасирин тийгизет. Мындай иш-чаралар жаштарды туура багыттоодо, билим алууга болгон кызыгуусун арттырууда жана университет менен байланышты чыңдоодо өзгөчө мааниге ээ.