1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

48

1

ӨМҮРҮ ӨРНӨК ИНСАН: э.и.д., профессор Анарбүбү Аманкуловна Шербекова

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Туруктуу өнүгүү үчүн өнөктөштүк» принцибине ылайык, 2026-жылдын 17-апрелинде Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси экономика жана укук Институтунун экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын окутуучулары — экономика илимдеринин доктору, профессор А.К. Аскарова жана экономика илимдеринин доктору, профессор А.К. Карабекова —И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин экономика илимдеринин доктору, профессор Анарбүбү Аманкуловна Шербекованын 75 жылдык мааракесине карата маектешү өткөрүштү.

Маанилү датага байланыштуу юбилярга ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор К.Ж. Усеновдун атынан куттуктоо кат жана экономика жана укук Институтунун атынан эстелик белектер тапшырылды.

Анарбүбү Аманкуловна өз өмүрүн илимди жана билим берүүнү өнүктүрүүгө, ошондой эле жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого арнаган. Анын илимий жетекчилиги астында сегизден ашык экономика илимдеринин кандидатык диссертациялары жакталган, учурда дагы беш кандидаттык жана доктордук диссертациялар коргоого даярдалып жатат. Кесипкөйлүгү, терең билими, ишине берилгендиги жана жогорку жоопкерчилик сезими чын жүрөктөн урматтоого жана таанууга татыктуу.

Тынымсыз эмгек, илимий жана педагогикалык ишмердүүлүктүн аркасында Анарбүбү Аманкуловна экономикалык илимдин өнүгүшүнө жана жаш муунду тарбиялоого олуттуу салым кошту. Анын бедели, акылмандыгы жана турмуштук тажрыйбасы кесиптештери жана студенттери үчүн үлгү болуп саналат.

Талыкпаган күжүрмөн эмгегинин үстүндө, юбиляр педагогикалык ишмердүүлүгүн активдүү улантып, студенттерге, магистранттарга, аспиранттарга жана жаш окумуштууларга кеңеш берип келет. Ал көп жылдык педагогикалык тажрыйбасы менен бөлүшүп, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча баалуу кеңештерин берди.

Ушул маанилүү күнү юбилярга чың ден соолук, узак өмүр, бакубат жашоо, түгөнгүс энергия жана жаңы илимий жетишкендиктерди каалайбыз! Сизди ар дайым урматтоо, таануу, жакындардын сүйүүсү жана окуучулардын ыраазычылыгы коштоп жүрсүн.