1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

35

1

Конституционализм мектеби: конституциялык укук жана конституциялык баалулуктар

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту менен Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси ортосунда түзүлгөн кызматташтык жөнүндө меморандумдун негизинде, ошондой эле «Конституционализм мектеби» долбоорунун алкагында 2026-жылдын 24-апрелинде Экономика жана укук институтунун базасында конституциялык окуулар өткөрүлдү.

Мындай формат практик юристтер менен гана эмес, келечектеги адистердин укуктук аң-сезимин калыптандырган окутуучулар менен да мазмундуу диалог түзүүгө мүмкүндүк берди. Иш-чара окутуучуларга, изилдөөчүлөргө жана студенттик аудиторияга багытталган.

Иш-чараны университеттин ректору Кенешбек Усенов Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев менен биргеликте ачышты.

Иш-чарада Конституциянын укуктук мамлекеттин пайдубалы катары мааниси, глобалдык процесстердин улуттук укуктун өнүгүшүнө тийгизген таасири, учурда дүйнөдөгү конституциялык көзөмөл органдарынын ролу жана коомчулук үчүн укуктук агартуунун маанисинин маселелери каралды.

Судья Чинара Айдарбекованын баяндамалары катышуучулардын арасында жигердүү дискуссия жаратып, академиялык чөйрөнүн конституциялык сот адилеттигинин маселелерине болгон жогорку кызыгуусун дагы бир ирет тастыктады.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Манас шаарында өткөрүлгөн Конституционализм мектеби укуктук агартуунун, сот институттарынын ачыктыгынын жана түз кесиптик диалогдун өлкөдө конституциялык баалуулуктарды бекемдөөдө жана укуктук маданиятты жогорулатууда маанилүү орунду ээлерин дагы бир жолу тастыктады.