1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

35

1

Кыргыз Республикасынын эмгек рыногун талдоо

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принцибине ылайык, 2026-жылдын 24-апрелинде Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси Институтунун экономика жана укук бөлүмүнүн студенттери үчүн конок лекция уюштурулду.

Лекцияны Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин консультанты Уметова Айнура Эгембердиевна «Кыргыз Республикасынын эмгек рыногун талдоо жана иш менен камсыз кылуунун негизги тенденциялары» темасында өттү.

Студенттер эмгек рыногунун учурдагы абалы, жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү жана анын өнүгүү келечеги тууралуу маанилүү маалыматтарды алышты.

Колледждин жамааты Айнура Эгембердиевнага лекция өткөргөндүгү жана студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.