1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

37

1

Академиялык мобилдүүлүк: И. Раззаков атындагы КМТУда конок лекциялар

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принцибине ылайык, ошондой эле Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси менен И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө максатында, 2025–2026-окуу жылына карата академиялык мобилдүүлүк планын ишке ашыруунун алкагында ЖАМУнун окутуучулары Бишкек шаарына иш сапары менен барышты.

Экономика жана укук институтунун «Экономика, эсеп жана финансы» кафедрасынын окутуучулары — экономика илимдеринин доктору, профессор Аскарова А.К. жана экономика илимдеринин доктору, профессор Карабекова А.К. — 2026-жылдын 15–17-апрель күндөрү «Салыктар жана салык салуу» дисциплинасы боюнча конок лекцияларды өтүштү.

Иш сапардын жүрүшүндө «Финансы, талдоо жана эсеп» кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Абдылдаева Умут Маратовна менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуунун алкагында мамлекеттик билим берүү стандарттарын жаңылоо жана «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит», «Финансы жана кредит» багыттары боюнча окуу пландарын өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Бул иш сапар сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу жана туруктуу өнүгүүгө жетишүү максатында өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган. Мындай маанилүү академиялык иш-чаралар окутуучулардын кесиптик компетенцияларын жогорулатууга өбөлгө түзүп, ЖАГУ менен КМТУнун ортосундагы илимий-интеллектуалдык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарат жана биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашырууга бекем негиз түзөт.