1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

1

Финансылык коопсуздук боюнча студенттер арасындагы бешинчи республикалык олимпиада

"Сапаттуу билим берүү" принцибине ылайык БУУнун Туруктуу өнүктүрүү боюнча глобалдык Келишиминин алкагында студенттердин укуктук, финансылык жана маалыматтык сабаттуулугун жогорулатуу Юк-1-23 тайпасынын Экономика жана укук институтунун студенттери Абдымомунова Арууке, БЭк-1-23 тайпасынын студенттери Темирбаева Асия, Нажимидинова Элина тандоо этабынан өтүп, 13-апрелден 16-апрелге чейин 2026-жылдын финансылык коопсуздук боюнча бешинчи республикалык Олимпиадасына катышышты.

Олимпиада студенттердин финансылык коопсуздук чөйрөсүндө укуктук, финансылык жана маалыматтык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган.

Уюштуруучулар Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, КР Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы. Олимпиаданын максаты-кылмыш ишин каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү боюнча билимдерди жайылтуу, ошондой эле таланттуу студенттерди аныктоо жана алар үчүн жаңы карьералык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.

Жыйынтыгында БЭк-1-23 тайпасынын студенти Темирбаева Асия өлкөнүн алдыңкы финансы институттарында стажировкадан өтүүгө мүмкүнчүлүк алды.