1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

1

Экономикадагы этика жана жоопкерчилик

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине, келечектеги адистердин кесиптик деңгээлин көтөрүү жана заманбап экономикадагы моралдык-укуктук баалуулуктарды талкуулоо максатында “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунун жана экономика жана укук Колледжинин студенттеринин катышуусунда «Экономикадагы этика жана жоопкерчилик» аттуу ток-шоу болуп өттү.

Ток-шоунун жүрүшүндө студенттер бүгүнкү күндүн актуалдуу маселелери боюнча өз ойлорун ортого салышты: · Бизнес жана морал: Экономикалык пайда издөөдө этикалык нормаларды сактоо канчалык маанилүү? Мыйзам жана жоопкерчилик: Экономикалык ишмердүүлүктү укуктук алкакта жүргүзүү жана коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу.· Кесиптик абийир: Бухгалтерлердин, экономисттердин жана юристтердин өз ишине болгон жоопкерчилиги. Коомдук өнүгүү: Жаш адистердин өлкө экономикасынын туруктуу өсүшүнө кошо турган салымы.

Ток-шоу форматы студенттерге эркин пикир алмашууга, курч суроолорду берүүгө жана турмуштук кейстерди талдоого мүмкүнчүлүк берди. Институттун жана колледждин студенттери бир аянтчада биригип, теориялык билимдерин практикалык көз караштар менен бекемдей алышты.