1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

35

1

Жаштар менен иш алып баруудагы көйгөйлүү маселелерди чечүү жолдору

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине жана “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунунокуу-усулдук кеңешинин иш планына ылайык 2026-жылдын 13-апрелинде “Жаштар менен иш алып баруудагы көйгөйлүү маселелерди чечүү жолдору” аттуу мастер-класс өткөрүлдү. Иш-чара жаштар менен иштөөдө кездешкен актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулоого жана аларды натыйжалуу чечүүнүн заманбап ыкмаларын жайылтууга багытталды.

Мастер-классты профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Шамшиев Р.К. жетектеди, мастер классты окутуучусу Усенов Адилет Алимжанович өтүп, өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү.

Иш-чара ЭУИнин профессордук-окутуучулар курамы жана жаш окутуучулар үчүн пайдалуу аянтча болду.

Мастер-класстын жүрүшүндө катышуучулар жаштар менен иш алып барууда пайда болгон көйгөйлүү жагдайларды талдап, практикалык сунуштарды иштеп чыгышты. Ошондой эле интерактивдүү форматтагы талкуулар уюштурулуп, катышуучулардын пикир алмашуусуна кеңири мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Иш-чаранын жыйынтыгында жаштар менен иштөөнүн эффективдүү ыкмаларын колдонуу, алардын социалдык активдүүлүгүн жогорулатуу жана коомдогу ролун бекемдөө боюнча маанилүү сунуштар белгиленди.