1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

28

КЕСИП ТАНДОО – КЕЛЕЧЕКТИ ТҮЗҮҮ

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунун, Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы БУУнун Туруктуу өнүгүү жаатындагы Глобалдык келишиминин "Сапаттуу билим берүү" принциптерин ишке ашыруунун алкагында мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесиптик багыт берүү иштерин активдүү жүргүзүп келет. Бул иш-аракеттердин алкагында кафедранын профессор-окутуучулук курамы Манас шаарындагы жана Сузак районундагы айрым мектептердин 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуулар өткөрүштү.

Кафедранын окутуучулары төмөнкү мектептерге барышты:

Манас шаарындагы №1 М. Бабкин атындагы мектеп, №3 Ж. Бакиев атындагы мектеп, №9 К. Санатбаев атындагы мектеп, №19 Ы.Сатыбаев атындагы мектеп

Сузак районундагы № 13 А. Базаров атындагы, №75 К. Эрматов атындагы, №63 Э.Төрөбаев атындагы жана №31 Ы.Чанаков атындагы метептер.

Жолугушуулардын жүрүшүндө, бүтүрүүчүлөргө Экономика жана укук институтунда окуунун мүмкүнчүлүктөрү, даярдык багыттары, кабыл алуу талаптары, ошондой эле экономика, эсеп жана финансы тармагындагы жумуш орундарындагы өнүгүү жолдору тууралуу кеңири маалымат берилди.

Баарлашуудан тышкары, жолугушууларда кабыл алуу шарттары жана университеттеги студенттик жашоо тууралуу маанилүү маалыматтар бар буклеттер таратылды. Жолугушуу учурунда окутуучулар мектеп бүтүрүүчүлөрү менен байланыш маалыматтарын алмашып, аларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.

Кесиптик багыт берүү иштери бүтүрүүчүлөргө эмгек рыноктогу суроо-талапты түшүнүүгө жана алардын билим алуу жолун тандоодо туура чечим кабыл алууга жардам берүү максатын көздөйт. Жолугушууларда окутуучулар азыркы учурда экономикалык билим алуунун маанилүүлүгүн белгилешти жана Экономика, эсеп жана финансы кафедрасын аяктаган студенттердин карьерасында ачылган мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат беришти.

Кесиптик багыт берүү иш-чаралары жаштарды кесиптик жашоого даярдоодо жана аларга өздөрүнүн карьералык пландарында так багытты табууга жардам берүүдө маанилүү роль аткарат. Биз мындай жолугушуулар окуучуларга түшүнүктүү жана негиздүү чечимдерди кабыл алууга, келечекке болгон ишенимди арттырууга жардам берет деп ишенебиз.