1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Жаңылыктар

11 месяцев назад

212

“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо”

2024-жылдын 13-мартында экономикалык-юридикалык факультетинин  профессордук-окутуучулар жамааты, студенттери менен  биргеликте Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-областык бөлүмү тарабынан 15-март “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” атту иш-чарага катышышты.

Иш-чарага Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын торагасынын орун басары Ж.Б.Орозбаев,  борбордук аппаратынын башкармалыктарынын башчылары жана облустук бөлүмдүн кызматкерлери катышып Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптары, аткарылышы, керектөөчүлөр кандай укуктарга ээ жана даярдоочу, сатуучу, акы алып кызмат көрсөтүүчүлөр эмнелерге укуктуу, милдеттуу жана жоопкерчиликтүү деген маселелер боюнча кеңири маалымат беришти.