1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

49

1

АЧЫК САБАК - СТУДЕНТТЕРДИН АКТИВДҮҮЛҮГҮН ЖОГОРУЛАТАТ

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине ылайык жана кафедранын ачык сабактардын ыргагынын негизинде 2026-жылдын 21-апрелинде «ДАҢК» ордендүү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика жана укук Институтунун «Жарандык укук жана адвокатура» кафедрасынын доценти, саяс.и.к. Алымкулов Бегижан Номанжанович тарабынан 530500 Юриспруденция багытынын Юк-3-25 тайпасына «Чет өлкөлөрдүн мамлекет жана укук тарыхы» дисциплинасы боюнча ачык практикалык сабак өткөрүлдү. Сабактын темасы: «Латын Америкасы, ички, тышкы саясаты жана анын коомдогу ордуна баа берүү, укуктук анализ жүргүзүү». Бул практикалык сабактын негизги максаты - студенттердин Латын Америка мамлекеттеринин тарыхый өнүгүүсүн, саясий түзүлүшүн жана укуктук системасын салыштырма талдоо аркылуу терең түшүнүгүн калыптандыруу, ошондой эле аналитикалык жана укуктук баалоо көндүмдөрүн өнүктүрүү болуп саналат. Сабак учурунда студенттер Латын Америкасынын негизги мамлекеттеринин (Бразилия, Аргентина, Мексика, Чили ж.б.) ички саясий процесстерин, социалдык-экономикалык абалын жана тышкы саясаттагы багыттарын талдашты. Ошондой эле региондогу демократиялык институттардын өнүгүшү, адам укуктарынын абалы жана укуктук реформалар боюнча мисалдар каралды. Практикалык бөлүктө студенттер топторго бөлүнүп, ар бир топко өз алдынча анализ жүргүзүү тапшырмалары берилди. Алар Латын Америка өлкөлөрүнүн саясий системаларын салыштырып, алардын коомдогу туруктуулукка жана укуктук өнүгүүгө тийгизген таасирин баалашты. Талкуу учурунда студенттер өз ой-пикирлерин аргументтер менен негиздеп, укуктук анализ жүргүзүү ыкмаларын колдонушту. Сабак интерактивдүү форматта өтүп, суроо-жооп, талкуу жана жыйынтыктоо этаптары менен коштолду. Доцент Б.Н. Алымкулов студенттердин жоопторуна илимий-практикалык түшүндүрмөлөрдү берип, кошумча маалыматтар менен толуктады.

 Айта кетсек, ачык сабакка Экономика жана укук институтунун окуу-усулдук кеңешинин төрагасы (төрайымы) Н.А.Жолдошева, кафедра башчысы ю.и.к., доцент Н.К.Нарматов, Мыктар кызы Миргул, Бөрүбай уулу Эсен, Т.Ж.Сусунбаевдер катышышты. Жыйынтыгында сабак өз максатына жетип, студенттер Латын Америкасынын мамлекет жана укук тарыхы боюнча терең билим алышып, аналитикалык ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өркүндөтүштү. Ачык сабак,

Жарандык укук жана адвокатура кафедрасынын кафедра башчысы ю.и.к., доцент Нарматов Нурлис Каныбекович тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулган деп бааланып, студенттердин окууларына жана Б.Н.Алымкуловдун иштерине чыгармачылык ийгиликтерди каалап өттү.