1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

45

1

Жеке ассистент мүмкүнчүлүгү чектелгендерди багууга, кароого жана медициналык кызматтарды уюштурууга көмөктөшүү жана жүргүзүлгөн рейдтер

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине жана жумуш ордунда окутуунун планына ылайык сапаттуу билим, туруктуу өнүгүү максатында өнөктөштүк жана жакырчылыкты жоюу максатында студенттердин таанышуу, өндүрүштүк жана квалификация алдындагы практикалардын алкагында2026-жылдын 3-апрель күнүМанас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын балдарды коргоо жана үй-бүлөнү колдоо бөлүмүнун башкы адиси Акматалиева Гульнар Батырбековна жана адис Каныбек кызы Таңгүлдөр менен бирге “Жеке ассистент мүмкүнчүлүгү чектелгендерди багууга, кароого жана медициналык кызматтарды уюштурууга көмөктөшүү жана жүргүзүлгөн рейдтер” деген темада “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунун практика жетекчилери улуу окутуучу Ы.М. Кожоназарова жана окутуучу Н.С. Алдозовалар практика өтөп жаткан студенттер менен аңгемелешүү формасында жумуш ордунда окутуу ишин алып барышты.

Иш ордунда окутууда «Жеке ассистент» кызматынын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга күнүмдүк турмушта багуу, кароо жана медициналык жардамдарды уюштуруу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлөрү боюнча толук маалымат берилди. Бул багытта ассистенттер кардарлардын ден соолугуна кам көрүү менен бирге, алардын тиешелүү дарылоо мекемелерине баруусун жана керектүү медициналык кызматтарды өз убагында алуусун камсыз кылышат. Ошону менен бирге, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жана натыйжалуулугун текшерүү максатында тиешелүү адистер тарабынан туруктуу негизде рейдтер өткөрүлүп турат. Мындай көзөмөл иш-чаралары мүмкүнчүлүгү чектелген инсандардын укуктарынын корголушун, алардын жашоо шартынын талапка жооп беришин жана социалдык кепилдиктердин даректүү аткарылышын камсыз кылууга багытталат.