1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

44

1

Пробация кызматындагы социалдык иштин технологиялары жана кардарлардын кыйынчылыктарынын, зордук-зомбулук абалдарынын келип чыгышынын себептерин аныктоого көмөк көрсөтүү

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине, жумуш ордунда окутуунун планына ылайык сапаттуу билим, туруктуу өнүгүү максатында өнөктөштүк жана тынчттык, жакшы ден соолук жана бакубаттуулукту калыптандыруу максатында студенттердин таанышуу жана өндүрүштүк практикасынын алкагында2026-жылдын 1-апрель күнүКыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жалал-Абад областы боюнча пробация башкармалыгында жетекчиси Эшалиев Уларбек Туратбекович, орун басары Кеңешбек уулу Арсен жана мекеменин жетектөөчү адиси К. Эмилбекова  менен биргеПробация кызматындагы социалдык иштин технологиялары жана кардарлардын кыйынчылыктарынын, зордук-зомбулук абалдарынын келип чыгышынын себептерин аныктоого көмөк көрсөтүү” деген темада “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунун практика жетекчилери улуу окутуучу Ы.М. Кожоназарова жана окутуучу Н.С. Алдозовалар практика өтөп жаткан студенттер менен кереге кеңеш формасында жумуш ордунда окутуу ишин алып барышты.

Пробация кызматындагы социалдык иштин технологиялары кардарларды коомго кайра адаптациялоого жана ресоциализациялоого багытталган комплекстүү ыкмаларды камтыйт. Бул процессте кейс-менеджмент (ишти алып баруу), социалдык диагностика жана жекече реабилитациялык программалар боюнча иш барылат деп билдирди. Социалдык кызматкерлер кардардын психологиялык абалын баалоо, анын кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү жана укуктук кеңеш берүү аркылуу кылмыштуулуктун кайталануусун алдын алууга аракет кылышат. Заманбап технологияларды жана социологиялык изилдөөлөрдү колдонуу маанилүү экендиги айтылды. Бул ар бир кардардын өзгөчөлүгүнө жараша жардам көрсөтүүгө жана алардын коомдо өз ордун табуусуна шарт түзөт.

Кардарлардын башынан кечирген турмуштук кыйынчылыктарынын жана зордук-зомбулук абалдарынын келип чыгуу себептерин аныктоо – пробация кызматкерлеринин эң жооптуу милдеттеринин бири. Көпчүлүк учурда бул көйгөйлөр жумушсуздук, үй-бүлөлүк конфликттер, социалдык обочолонуу жана мурда алган психологиялык жаракаттар менен тыгыз байланыштуу. Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө бул себептерди терең талдоо аркылуу зордук-зомбулуктун алдын алуу механизмдерин иштеп чыгуу жана мамлекеттик органдар менен биргеликте кардарларга социалдык-укуктук көмөк көрсөтүү маселелери каралат. Бул багыттагы иштер инсандын ички потенциалын ойготууга жана терс чөйрөнүн таасиринен арылууга багытталат.