1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

33

1

Экономика багытындагы ЖАМУдагы “Олимпиада – 2026” жыйынтыктары

Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу өнүгүү боюнча Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине жана илимий иштеринин планына ылайык, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинде «Экономика» багыты боюнча "Олимпиада 2026" аталышындагы олимпиада өткөрүлдү.

Олимпиаданын негизги максаты болуп студенттердин интеллектуалдык потенциалын ачуу, илимий-изилдөө иштерине кызыгуусун арттыруу, атаандаштык чөйрөнү түзүү жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого көмөк көрсөтүү эсептелет.

Олимпиада экономика багыты боюнча 7 предмет боюнча 40тан ашык экономика жана укук Институтунун экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын студенттери катышышты. Олимпиадада ар бир предмет боюнча жооптуу окутуучулар дайындалып, олимпиада акыйкат өткөрүшүн кафедра башчысы, э.и.к., доцент Э.Н. Төлөнов  билдирди.

Олимпиаданын жыйынтыгында жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен студенттер: Аудит предмети боюнча Темирбаева Асыгүл БЭк-1-23 тайпасынын студенти, Бухгалтердик эсеп Абдуманапова Малика БЭк-1-23 тайпасы, Экономикалык анализ Камалова Айсулуу БЭк-1-23, Экономика- Майнайева Аделя ЭКО-1-23, Финансы Мирзакулова Апал ФКк-1-24, Деньги Кредит Банк- Капарбекова Аяна БЭк-1-24 Экономика (профилдик эмес) Кебекова Эленура ПОВТАС-2-24 тайпаларынын студенттери ЖАМУ тарабынан дипломдорго ээ болушту.