1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

42

1

Практиканы көзөмөлдөө: студенттердин жумуш орундарындагы көчмө текшерүүсү

БУУнун туруктуу өнүгүү жаатындагы Глобалдык келишиминин «Сапаттуу билим берүү» принцибин ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле окуу планына ылайык, 2026-жылдын 16-апрелинде Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси, Экономика жана укук институтунун экономика, эсеп жана финансы кафедрасы тарабынан «Экономика» багыты боюнча күндүзгү бөлүмдүн студенттеринин практикасына көчмө текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө «Бухгалтердик эсеп, аудит жана анализ» профили боюнча БЭк-1-23 жана БЭк-1-24 тайпаларынын, ошондой эле «Финансы жана кредит» профили боюнча ФКк-1-22 жана ФКк-1-24 тайпаларынын студенттери катышышты жана алар учурда практикасын уюмдардын базаларында улантып жатышат.

Көчмө текшерүүнүн максаты - практиканын жүрүшүн көзөмөлдөө, жумуш орундарын уюштуруу шарттарын баалоо, ошондой эле студенттерге методикалык колдоо көрсөтүү болду.

Иш сапардын жүрүшүндө практика жетекчилери - экономика илимдеринин кандидаты, доцент Толонов Эмил Нажимидинович, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Мамыралиева Айнагүл Тураматовна, доценттин милдетин аткаруучу Абдырахманова Гүлчехра Батырбековна, доценттин милдетин аткаруучу Жамашева Гүлбара Султанбековна жана улук окутуучу Аширалиева Бактыгүл Абдумаматкадыровна - практика өтүлүп жаткан базаларга барып, студенттердин жумуш орундарындагы ишмердүүлүгү менен таанышты.

Уюмдардын жетекчилери менен биргеликте практиканын шарттарынын аткарылышы, программанын талаптарынын сакталышы жана студенттердин кесиптик ишмердүүлүккө катышуу деңгээли текшерилди. Мекеме жетекчилери студенттерди уюмдардын ишмердүүлүгү, түзүмү жана ички ченемдик документтери менен тааныштырышты.

Өзгөчө көңүл практика күндөлүгүн жүргүзүүгө, отчеттук документтерди туура тариздөөгө, отчеттун түзүмүнө жана мазмунуна, ошондой эле белгиленген талаптарды сактоого бурулду. Студенттерге отчетторду даярдоо боюнча кеңири түшүндүрмөлөр жана сунуштар берилди.

Ошондой эле практика жетекчилери уюмдардын жетекчилери менен жумушчу жолугушууларды өткөрүп, практиканы уюштуруу, эмгек тартибин сактоо, студенттердин жумуш ордундагы жүрүм-турум этикасы жана кесиптик өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Жыйынтыгында практика жетекчилери өнөктөштөргө кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, студенттерге практиканы ийгиликтүү аяктоону каалашты. Студенттерге жоопкерчиликтүү мамиле кылуу, ички тартип эрежелерин сактоо жана тапшырмаларды сапаттуу аткаруу боюнча нускама жана кеңештер берилди.

Көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө студенттердин даярдык деңгээлин баалоого, теориялык билимдерин практикада колдонуууга жана келечектеги адистердин кесиптик даярдыгынын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.