1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

42

1

Практика аракетте: студенттерди практика базаларында жумуш ордунда окутуу

БУУнун туруктуу өнүгүү жаатындагы Глобалдык келишиминин «Сапаттуу билим берүү» принциптерин ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле окуу планына ылайык, 2026-жылдын 16-апрелинде Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси, Экономика жана укук институтунун экономика, эсеп жана каржы кафедрасы тарабынан «Экономика» багыты боюнча күндүзгү бөлүмдө окуган студенттер үчүн жумуш ордунда окутуу (ЖОО) уюштурулду.

Жумуш ордунда окутуу «Бухгалтердик эсеп, аудит жана анализ» профили боюнча БЭк-1-23 жана БЭк-1-24 тайпаларынын, ошондой эле «Финансы жана кредит» профили боюнча ФКк-1-22 жана ФКк-1-24 тайпаларынын студенттери катышты.

Бул практиканын негизги этабы болуп эсептелет жана студенттердин кесиптик компетенцияларын реалдуу уюмдардын шартында калыптандырууга багытталган. ЖОО өткөрүүнүн негизги максаты – практиканы натыйжалуу өтүүгө шарт түзүү, практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү жана студенттерде келечектеги кесиптик ишмердүүлүк тууралуу түшүнүктөрдү калыптандыруу болуп эсептелет.

Студенттер практика базаларында практикаларын улантышууда. Практиканын жетекчилери - экономика илимдеринин кандидаты, доцент Толонов Эмил Нажимидинович, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Мамыралиева Айнагүл Тураматовна, доценттин милдетин аткаруучу Абдырахманова Гүлчехра Батырбековна, доценттин милдетин аткаруучу Жамашева Гүлбара Султанбековна жана улук окутуучу Аширалиева Бактыгүл Абдумаматкадыровна - практика өтүп жаткан жерлерге барып, жумуш ордунда окутуу жүргүзүштү.

Көчмө сабактардын жүрүшүндө практика жетекчилери уюмдардын, ишканалардын жетекчилери менен биргеликте студенттердин жумуш орундарын уюштуруп, нускама берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Уюмдардын, ишканалардын  жетекчилери студенттерди мекемелердин ишмердүүлүгү, түзүмү, ошондой эле ички жоболору жана иш тартиби менен тааныштырышты. Сабактын жүрүшүндө практика күндөлүгүн туура жүргүзүү, отчеттук документтерди талапка ылайык тариздөө, отчеттун түзүмү жана мазмуну боюнча талаптарга өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, студенттер уюмдардын, ишканалардын негизги иш багыттары жана уюштуруу түзүмү менен таанышышты. Иш-чаранын форматында нускама берүү, кеңеш берүү, практикалык сунуштарды берүү жана студенттердин суроолоруна жооп берүү аркылуу жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн иш-чара студенттердин кесиптик көндүмдөрүн калыптандырууга, теориялык билимдерин бекемдөөгө жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө ийгиликтүү ыңгайлашууга өбөлгө түздү.