1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

4 месяца назад

78

1

Өндүрүштүк практиканын башталышы: жумуш орундарын уюштуруу жана нускама берүү

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине жана өндүрүштүк практикасынын программасына ылайык 2026-жылдын 30-мартында Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексининин Экономика жана укук институтунун Экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын «Экономика» багытынын «Бухгалтердик эсеп, аудит жана талдоо» профили студенттери үчүн жумуш орундарын уюштуруу (ЖОУ) БЭк-1-23 тайпасында болуп өттү.

Студенттерге жумуш ордунда окутууну уюштуруу үчүн  кафедранын улуу окутуучусу өндүрүштүк практика жетекчиси Б. А. Аширалиева  жана  аталган кафедранын практика боюнча кафедра башчысынын орун басары э.и.к., доценттин м.а. Г. Б. Абдырахманованын жетекчилиги астында жүргүзүлдү.

Адаптация (Көнүгүү): Жетекчилер жумуш орундарынын даярдалышын камсыздап, ишканалардын кызматкерлери менен алгачкы таанышуу маектерин өткөрүштү.

Нускама берүү: Киришүү нускамасы өткөрүлүп, анын жүрүшүндө өндүрүштүк  практиканын милдеттери, тартип талаптары жана документтерди толтуруу эрежелери түшүндүрүлдү.

Жумуш орундарын уюштуруу  этабында студенттердин кесиптик чөйрөгө ийгиликтүү киришүүсүнө негиз түзөт. Бул өз кезегинде теориялык билимдерди бухгалтердик эсеп жана аудиттин практикалык тапшырмалары менен натыйжалуу айкалыштырууга шарт түзөт.