1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

4 месяца назад

76

1

Сапатты контролдоо: Өндүрүштүк практиканын таанышуу этабы

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине жана өндүрүштүк практикасынын программасына ылайык 2026-жылдын 2-апрелинде “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунда өндүрүштүк практиканы текшерүү боюнча көчмө иш-чара болуп өттү. Мониторинг «Экономика» багыты боюнча «Бухгалтердик эсеп, аудит жана талдоо» профилинин  күндүзгү окуу бөлүмдүн БЭк-1-23 группасынын боюнча  студенттеринин арасында жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн максаты жана жүрүшү: Практика жетекчиси— кафедранын улуу окутуучусу  Аширалиева Б.А жана Экономика эсеп жана каржы кафедрасынын практика боюнча орун басары э.и.к., доценттин м.а. Г. Б. Абдырахманова — «жол картасынын» жана окуу программасынын сакталышын көзөмөлдөө максатында практика базаларына, мекеме-ишканаларга барышты.

Сапардын жүрүшүндө өзгөчө көңүл төмөнкүлөргө бурулду:

-  өндүрүштүк практиканын графиктеринин жана пландарынын сакталышына;

- студенттердин ишканалардын уюштуруу түзүмү жана ички иш кагаздары менен таанышуусуна;

- билим алуучуларга методикалык колдоо көрсөтүүгө жана нускамаларды берүүгө.

Алгачкы ийгиликтерге карабастан, окутуучулар студенттерге практикалык күндөлүктөрдү тыкандык менен жүргүзүүнүн жана жамаат менен тыгыз иштешүүнүн маанилүүлүгүн эскертишти. Таанышуу этабы ийгиликтүү аяктап андан соң алдыда кесиптик көндүмдөрдү бекемдөө милдети тураарын айтышты. Учурда практика бекитилген графикке ылайык штаттык режимде өтүүдө. Текшерүү көрсөткөндөй, БЭк-1-23 тайпасынын студенттери ишканалардагы иштөө шарттарынын негизинде практикасын өтүп,  иштеп жатышат. Иш берүүчүлөр студенттердин активдүүлүгүн жогору бааласа, ал эми студенттер практикалык тажырыйба  чоң жардам берип жатканын  белгилешти.

Мониторингдин жыйынтыгында: Иш берүүчүлөр студенттердин даярдыгына жогору баа берип, алардын тартиптүүлүгүн жана кесиптик ишмердүүлүккө болгон кызыгуусун белгилешти. Сунуш катары эксперттер практиканттарга отчеттук документтерди тариздөөгө кылдаттык менен  мамиле жасоону кеңеш беришти.