1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

11

1

Юриспруденция багыты боюнча  окуу  таанышуу практика алдындагы конференция

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине жана окуу планына  ылайык 2026-жылдын 3-апрелинде “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунун жарандык укук жана адвокатура кафедрасынын Юриспруденция багытындагы Юк-1-24, Юк-2-24, Юк-3-24 тайпаларынын студенттери үчүн окуу таанышуу практикасы боюнча конференция өткөрүлдү. Жарандык укук жана адвокатура кафедрасынын башчысы, ю.и.к., доцент Нарматов Н.К., конференцияда окуу таанышуу практикасы билим берүү процессинин ажырагыс бөлүгү экенин, ал студенттерге кесиптин өзгөчөлүктөрү жана тандалган багытта иштөө тууралуу негизги билим алууга мүмкүнчүлүк берерин, ошондой эле практикалык тажрыйба топтоону камсыз кыларын белгиледи. Конференцияда студенттерге практика учурундагы техникалык коопсуздук боюнча, иштин жүрүшү,  жол картасы, отчетту жана күндөлүктү толтуруунун талаптары менен таанышып өтүштүү. Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн адиси Жолдошалиева Н.С. катышып практика өтүү боюнча  кененирээк маалымат берди.

Конференцияга студенттер активдүү катышышып, зарыл маалыматтарды алышты, практиканын жумушчу программасы менен таанышышты жана практика өтүү үчүн мекеме иш каналарга жолдомолорун алышты.