1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

15

1

Практика көзөмөлдө: таанышуу этабы

Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу өнүгүү боюнча Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине жана окуу планына ылайык, 2026-жылдын 2-апрелинде "Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети" илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунун экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын окутуучулары «Экономика» багыты боюнча күндүзгү окуу формасында билим алган студенттердин — «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит» профилинин БЭк-1-24 тайпасынын жана «Каржы жана насыя» профилинин ФКк-1-24 тайпасынын окуу-таанышуу практикасынан өтүүсүн текшеришти.

Практиканын жетекчилери — экономика илимдеринин кандидаты, доцент Толонов Эмил Нажимидинович, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Мамыралиева Айнагул Тураматовна жана экономика илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу Абдырахманова Гульчехра Батырбековна практиканын жүрүшүн жол картасына ылайык көзөмөлдөө максатында практика базаларына барышты.

Практика базаларына баруунун максаты — окуу-таанышуу практикасынын жумушчу программасына жана жол картасына ылайык өтүшүн көзөмөлдөө, студенттерди уюмдун ишмердүүлүгү жана түзүмү менен тааныштыруу, практикалык тапшырмалардын аткарылышын текшерүү, ошондой эле методикалык колдоо көрсөтүү жана нускама берүү болду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө студенттер практикалык тапшырмаларды практика максаттарына ылайык аткарып жатканы жана кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүнүн жетиштүү деңгээлин көрсөтүп жатканы аныкталды. Практика жетекчилери практика базаларынын жетекчилери менен жолугушууларды уюштуруп, нускама берип, таанышуу маектерин өткөрүп, коюлган милдеттерди талкуулашты.

Уюмдардын жетекчилеринин студенттер тууралуу пикирлери оң болду: алардын тартиптүүлүгү, активдүүлүгү жана тапшырмаларды сапаттуу аткарууга болгон умтулуусу белгиленди. Сунуш катары отчеттук документтерди жүргүзүүгө көбүрөөк көңүл буруу жана практика учурунда уюмдун кызматкерлери менен активдүү өз ара аракеттенүү сунушталды.

Студенттер да практиканын биринчи этабы боюнча өз таасирлери менен бөлүшүштү. Көпчүлүгү таанышуу этабы уюмдун түзүмүн жана келечекте аткара турган кесиптик милдеттерди жакшыраак түшүнүүгө жардам бергенин, ошондой эле реалдуу эмгек шарттарына ыңгайлашууга өбөлгө түзгөнүн белгилешти.