1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

15

1

«Акчаны туура пайдалан — үйүңө береке»

Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу өнүгүү боюнча Глобалдык келишиминин алкагында «Сапаттуу билим берүү» жана «Жакырчылыкты жоюу» принциптерине ылайык, ошондой эле «Глобалдык акча жумалыгы — 2026 (GMW)» иш-чарасынын алкагында калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында 2026-жылдын 3-апрелинде Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Экономика жана укук институтунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын адистери тарабынан конок лекция өткөрүлдү. Иш-чара «Акчаны туура пайдалан — үйүңө береке» урааны алдында өттү.

Конок лекцияны Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын начальниги Акимбеков Хусейн Маматканович, башкы инспектор Кочоров Акылбек Рашидович жана көзөмөл бөлүмүнүн инспектору Ажибеков Омурзак Жаныбекович өткөрүштү. Алар студенттер менен мазмундуу, кызыктуу жана пайдалуу баарлашуу уюштурушту.

Лекциянын жүрүшүндө Кыргызстандын улуттук валютасы өлкөнүн визиттик карточкасы катары, ошондой эле финансылык сабаттуулук каржылык алдамчылыкка каршы туруунун маанилүү механизмдеринин бири катары каралды. Улуттук валютанын эмиссиясы, анын ичинде банкноттор менен тыйындардын жашоо цикли — өндүрүштөн тартып жок кылууга чейинки этаптар, Кыргыз Республикасынын нумизматикалык мурасын чогултуу, сактоо, системалаштыруу жана жайылтуу маселелери каралды. Ошондой эле дропперлик каржылык алдамчылыктын бир түрү катары талкууланып, ага каршы күрөшүү жолдору белгиленди.