1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

21

1

Жумуш ордунда окутуу: Манас шаардык Социалдык фонд башкармалыгы

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принципине жана жумуш ордунда окутуунун планына ылайык студенттердин таанышуу, өндүрүштүк жана квалификация алдындагы практикалардын алкагында 2026-жылдын 2-апрель күнүМанас шаардык Социалдык фонд башкармалыгында жетекчинин орун басары  Эркайым Камаловна менен биргеМекемени негиздөөчү документтери жана жоболору, кардарлар менен иштөө, мекемедеги төлөмдөр алардын түрлөрү” деген темада университеттен практика жетекчилер улуу окутуучу Ы.М. Кожоназарова жана окутуучу Н.С. Алдозовалар практика өтөп жаткан студенттер менен кереге кеңеш формасында жумуш ордунда окутуу ишин алып барышты.

Мында: Шаардык Социалдык фонд башкармалыгы КРнын мыйзамдарына жана атайын Жобого таянуу менен мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо саясатын ишке ашырган мекеме анын ишмердүүлүгү физикалык жактар үчүн пенсияларды эсептөө жана юридикалык жактардын камсыздандыруу төгүмдөрүн көзөмөлдөө багыттарын өзүнө камтыйт.

Төлөмдөр системасы жумуш берүүчүлөр, кызматкерлер жана ишкерлер тарабынан төлөнүүчү милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүнөн куралат жана жыйналган каражаттар Пенсиялык фондго, медициналык камсыздандырууга жана саламаттыкты чыңдоо фонддоруна так бөлүштүрүлүп турат.

Заманбап санариптик технологияларды колдонуу менен тейлөө сапаты жогорулап, жарандардын социалдык укуктарынын жана кепилдиктеринин корголушу камсыз кылына тургандыгы боюнса маанилүү мааыматтар камтылды.