1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

21

1

Жумуш ордунда окутуу: иш кагаздарын жүргүзүү

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине жана жумуш ордунда окутуунун планына ылайык өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн студенттердин таанышуу, өндүрүштүк жана квалификация алдындагы практикасынын алкагында2026-жылдын 2-апрель күнүМанас шаарынын мэриясынын  уюштуруу иштери жана персоналдык кызмат бөлүмүнүн башчысы Маликахан Пайгамбаркуловна менен биргеИш кагаздарын жүргүзүү” деген темада университеттен практика жетекчилер улуу окутуучу Ы.М. Кожоназарова жана окутуучу Н.С. Алдозовалар практика өтөп жаткан студенттер менен маектешүү формасында жумуш ордунда окутуу ишин алып барышты. Анда: адис бул процесс Кыргыз Республикасынын “Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасына” жана мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдарына негизделет. Мэриянын аппаратында келген жана кеткен каттарды каттоо, токтомдорду, буйруктарды жана тескемелерди даярдоо өзгөчө тартип менен ишке ашырылат. Документтердин сапаты жана өз убагында даярдалышы муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылат.

Заманбап шартта шаардык мэриянын иш кагаздарын жүргүзүүдө санариптик технологиялар жана “Infodocs” сыяктуу электрондук документ жүгүртүү системалары кеңири колдонулууда. Бул система кагаз түрүндөгү документтерди азайтууга, маалымат алмашууну тездетүүгө жана жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүүгө шарт түзөт. Ошондой эле, архивдик иштерди туура уюштуруу жана документтердин купуялуулугун сактоо мэриянын бөлүмдөр аралык байланышын бекемдейт. Иш кагаздарын санарип форматка өткөрүү бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюп, башкаруу процессин заманбап стандарттарга ылайык иретке келтирет.