1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

18

1

Кыргыз Республикасынын пробация органдары: түзүмү, максаты жана милдеттери

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине жана жумуш ордунда окутуунун планына ылайык 2026-жылдын 31-март күнүКыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жалал-Абад областы боюнча пробация башкармалыгында жетекчиси Эшалиев Уларбек Туратбекович менен бирге “КРнын пробация органдары: түзүмү, максаты жана милдеттери” деген темада университеттен практика жетекчилер улуу окутуучу Ы.М. Кожоназарова жана окутуучу Н.С. Алдозовалар практика өтөп жаткан студенттер менен аңгемелешүү формасында жумуш ордунда окутуу ишин алып барышты. Анда: Пробация кызматынын негизги максаттары, пробация органдарынын түзүмү, түрлөрү, пробация органдарынын негизги милдеттери, иштөө ыкмалары жана куралдары о.э. пробациянын коом үчүн мааниси жөнүндө кеңири талкуулап түшүндүрүп берди. Бул багыттын алкагында аялуу катмарларга мекеме тарабынан көрсөтүлүүчү жардамдар талдоого алынды. Студенттер суроо берүү менен өздөрү канааттанган жоопторду ала алышты.