1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

8

1

Окуу таанышуу практикасынын алкагында жумуш ордун уюштуруу

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине жана жумуш ордунда окутуунун планына ылайык 2026-жылдын 30-мартында мартында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунун экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын окутуучулары окуу таанышуу практика мезгилинде күндүзгү бөлүмүдөгү Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит профилиндеги БЭк-1-24 тайпасындагы жана Каржы жана насыя профилиндиги ФКк-1-24 тайпасындагы студенттерине жумуш ордунда окутууну (ЖОУ) өткөрүштү.

ЖОУнун максаты — студенттердин окуу таанышуу практикасын натыйжалуу баштоо, алардын уюмдардагы практикадан өтүүгө даярдуулугун камсыздоо жана тандалган багыт боюнча кесиптик иш-аракеттерге тааныштык түзүү.

БЭк-1-24 жана ФКк-1-24 тайпаларынын студенттери практика базаларына жөнөтүлүп, практиканын жетекчилери э.и.к., доцент Эмил Нажимидинович Толонов жана э.и.к., м.а. доцент Гүлчехра Батырбековна Абдырахманова, жумуш орундарын уюштуруп, инструктаж жана тааныштык маек өткөрүштү.

Иш-чаранын алкагында студенттер уюмдар менен, алардын түзүлүшү жана негизги иш багыттары менен таанышышты. Иш-чаранын форматы — инструктаж, тааныштык маектер жана практикадан өтүүгө коюлган тапшырмалар менен талаптарды талкуулоо болду.

Аталган иш-чара студенттерде кесиптик негизги көндүмдөрдү калыптандырууга жана теориялык билимдерди уюмдардын реалдуу иш-шартында бекемдөөгө багытталган.