1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

23

1

Мыкты бүтүрүүчү - келечектин мыкты адиси

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине,  кафедранын иш планына ылайык 2026-жылдын 31-мартында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунун экономика, эсеп жана финансы кафедрасында «Мыкты бүтүрүүчү — келечектеги мыкты адис» аталышындагы кереге кеңеш өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — бүтүрүүчүлөрдү «Экономика» багыты боюнча жаңы окуу планы менен тааныштыруу, ошондой эле билим берүү программасын өркүндөтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Кереге кеңештин модератору, кафедра башчысы, э.и.к., доцент Толонов Эмил Нажимидинович, Жалал-Абад колледжинин бүтүрүүчүлөрү үчүн профессионалдык өнүгүүнүн жана практикалык даярдыктын маанилүүлүгүн белгилеп, бардык катышуучуларга ийгиликтүү карьера жана билим берүү программасын өркүндөтүүгө активдүү катышууну каалады.

Куттуктоо сөздөрү менен Экономика жана укук институтунун директору, э.и.д., профессор Аскарова Айнура Каныбековна чыгып, сапаттуу билим берүү жана компетенттүү адистерди даярдоонун маанисин баса белгиледи; карьераны өнүктүрүү жана практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, т.и.к., доцент Шамиев Жакып Болотбекович студенттерге продуктивдүү практика жана кесиптик ийгиликтерди каалады, ошондой эле Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Тургунбаев Алмазбек университет менен бүтүрүүчүлөрдүн байланышын колдоого көңүл бурду.

Иш-чаранын жүрүшүндө кафедра башчысы Толонов Эмил Нажимидинович катышуучуларды «Экономика» багыты боюнча жаңы окуу планы менен тааныштырды. Анда «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит» жана «Каржы жана насыя» профилдери камтылган. Окуу планы тааныштырылгандан кийин сөз бүтүрүүчүлөргө берилди.

Кереге кеңештин алкагында бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн кесиптик калыптануу жолдору жана иш тажрыйбалары менен бөлүшүп, финансы-кредиттик жана мамлекеттик мекемелердеги ишмердүүлүктөрү тууралуу айтып беришти. Алар өз ойлорун билдирип, билим берүү программасын жакшыртуу боюнча сунуштарын жана пикирлерин айтышты.

Сөз сүйлөгөндөрдүн катарында: Таштанбеков М.Т., Манас шаарынын мэриясынын жер ресурстары башкармалыгынын материалдык бухгалтери; Жумуков Н.Б., «KISB Банк» ЖАКтын КЧИ боюнча улук адиси; Бакирова А.Б., Манас шаары боюнча МСКБнин улук инспектору; Камылов С.А., Сузак району боюнча МСКБнин инспектору; Нажмидинов Н.Э., «Элдик Банк» ААКнын Жалал-Абад филиалынын касса башчысы; Байтиков Б.Н., «Элдик Банк» ААКнын Жалал-Абад филиалынын насыялоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

Иш-чара ачык диалог форматында өтүп, катышуучулар суроолорду берип, пикир алмашууга жана пайдалуу кеңештерди алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Мындай иш-чаралар университет менен бүтүрүүчүлөрдүн жана колледждердин байланышын чыңдап, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана келечектеги адистерди даярдоого чоң салым кошот.