1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

22

1

Студенттерди практика ордуна жайгаштыруудагы көз ирмемдер

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине жана окуу планына ылайык 2026-жылдын 27-мартында «Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин» Илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинде, Экономика жана укук институтунун экономика, эсеп жана финансы кафедрасында "Экономика" багытындагы студентерине практика өтүү маселелерине арналган конференция болуп өттү.

Иш-чарага күндүзгү окуу бөлүмү боюнча «Экономика» багытындагы студенттер катышты: БЭк-1-24 жана ФКк-1-24 (2-курс) группалары -окуу- таанышуу практика, ФКк-1-22 (4-курс) - квалификация алдывндагы практика. Ошондой эле, сырттан окуу бөлүмү боюнча үзгүлтүксүз билим берүү институтунун студенттери катышты: БЭс-1-21, БЭс-2-21 жана ФКс-1-21 (5-курс) тайпалары -квалификация алдындагы практика.

Конференцияны ачып, куттуктоо сөзү менен кафедра башчысы, э.и.к., доцент Толонов Эмил Нажимидинович чыгыш жасады. Ал практикалык даярдык студенттердин кесиптик өнүгүүсүндөгү маанилүү этап экенин баса белгиледи.

Иш-чаранын модератору катары э.и.к., доцент м.а. Абдырахманова Г. Б. катышты.

Практикеа жетекчилери студенттерди практика өтүү боюнча жумушчу программа жана жол картасы менен тааныштырышты, практиканын максаттары, милдеттери жана негизги талаптары боюнча кеңештерин беришти.

Карьераны өнүктүрүү жана практиканы уюштуруу бөлүмүнүн адиси Жолдошалиева Нурия Султановна практиканын ар түрүнө өзгөчө көңүл бөлүп, уюштурулушун жана талаптарын кеңири түшүндүрүп берди. Ал студенттердин бардык суроолоруна жооп берип, практиканын маанисин жана өтүү тартибин ачыктап берди.

Практиканы уюштурууда жана жетекчиликте төмөнкү жетекчилер катышты: ФКк-1-22  тайпасында к.э.н., и.о. доцента Жамашева Гулбара Султанбековна; БЭк-1-24 тайпасында к.э.н., доцент Толонов Эмил Нажимидинович жана ФКк-1-24  тайпасында к.э.н., доцент м.а. Абдырахманова Г. Б.; БЭс-1-21 тайпасында ага окутуучу Мусакулов Нурбек Куралбекович жана ага окутуучу Абдыкадыров Панарбек; сырттан окуу бөлүмү боюнча БЭс-2-21 тайпасында э.и.к., доцент Толонов Эмил Нажимидинович жана э.и.к., доцент Макеева Аида Шайлобековна; ФКс-1-21 тайпасында  э.и.к., доцент м.а. Жамашева Гулбара Султанбековна жана окутуучу Орозова Чыныгул Самидиновна.

Конференциянын жүрүшүндө практиканын уюштурулушу боюнча бардык суроолор каралып, студенттерге кеңири жооптор берилди.

Мындай иш-чаралар студенттердин кесиптик компетенцияларын чыңдоого, практикалык тажрыйбасын өркүндөтүүгө жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө ийгиликтүү даярданууга чоң салым кошот.