1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

25

1

«Социалдык иштин тарыхы жана теориясы» предмети боюнча илимий-методикалык ачык сабак

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине ылайык жана кафедранын ачык сабактардын ыргагынын негизинде 2026-жылдын 16-мартында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунун профессор Ш. М. Ниязалиев атындагы Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын улук окутуучусу Ы.М.Кожоназарова Социалдык иш адистигинин 1-курсунун СК-1-25 тайпасынын студенттери үчүн «Үй-бүлөлөрдүн социалдык көйгөйлөрү» темасында ачык лекциялык сабак өткөрдү.

Лекциялык сабакта студенттерге үй-бүлөдөгү деструктивдүү тарбиянын типтерин, социалдашуудагы чыңалууларды жана үй-бүлөлүк жашоо циклиндеги социалдык жардам берүү стратегияларын үйрөтүү. Ошондой эле лекциянын жүрүшүндө үй-бүлөдөгү деструктивдүү тарбиянын типтери В. Гарбузовдун типологиясы боюнча жана социалдашуу процессиндеги чыңалуулар С. Роудун концепциясы терең талдоого алынды. Студенттер «кейс-стади» усулу аркылуу реалдуу үй-бүлөлүк кырдаалдарды диагностикалоо жана социалдык жардам берүүнүн активдүү терапиялык стратегияларын иштеп чыгуу көндүмдөрүнө ээ болушту.

Иш-чарага кафедра башчысы, философия илимдеринин кандидаты, доцент Р. К. Шамшиев баштаган кафедранын профессордук-окутуучулук курамы катышты. Сабактын илимий-теориялык деңгээлине, заманбап интерактивдүү технологиялардын колдонулушуна жана окутуучунун педагогикалык чеберчилигине жогорку баа беришти. Ачык сабак өз максатына жетти.