1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

26

1

“Баарыбыз бириксек – күчтүү билек, ЖАМУну даңктоо биздин тилек” сынагы Экономика жана укук институтунда

“Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Экономика жана укук институтунун Кыргыз Республикасынын Президентинин №369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” аттуу Жарлыгына ылайык, студенттер арасында “Баарыбыз бириксек – күчтүү билек, ЖАМУну даңктоо биздин тилек” аталышындагы кароо-сынак жогорку деңгээлде уюштурулуп, ийгиликтүү өткөрүлдү.

Сынактын программасында жалпы Нооруз майрамына арналган тематиканын негизинде “Биз ЖАМУну данктайбыз” аталышта саламдашуу (Юк-1-22 тайпасынын студенти Маликов Исхак, СКк-1-22 тайпасынын студенти Ирисбаев Кутманбек, Юк-1-23 тайпасынын студенттери Токтогулов Оомат, Өсөров Алманбет, Юк-1-24 тайпасынын студенти Тургунбаев Үсөн, Юк-3-24 тайпасынын студенти Орозбеков Байазет,  Юк-1-25 тайпасынын студенти Мамазакиров Уларбек, Юк-3-25 тайпасынын студенти Сагыналиев Байэл, “Окуу жайымдын менин өнүгүшүнө кошкон салымы” (Юк-3-25 тайпасынын студенти Пирмаматова Аэлита,  Юк-3-24 тайпасынын студенти Борбуева Айбийке, Юк-2-25 тайпасынын студенти Алибаева Азиза, БЭк-1-24 тайпасынын студенттери Токторов Муса, Исмаилова Айжаңыл, Жуманазаров Адилет), Кош жылдыз “Бала-ата-эңениң күзгүсү” Юк-1-23 тайпасынын студенти Токтогулов Оомат, Абдуллаева Зирекан, “Улуттук наркты көрсөткөн каада-салттан бир үзүм” (Юк-1-24 тайпасынын студенти Тургунбаев Үсөн, Юк-3-24 тайпасынын студенти Орозбеков Байазет,  Юк-1-25 тайпасынын студенти Мамазакиров Уларбек, Юк-3-25 тайпасынын студенти Сагыналиев Байэл), бий (ФКк-1-25 тайпасынын студенттери Женишбаева Айсалкын, Курманалиева Марипа, Абдурашитова Жумабубу, Юк-3-24 тайпасынын студенти Таалайбек кызы Гүлкайыр, СК-1-25 тайпасынын студенти Тиллебаева Гульнур, Юк-3-25 тайпасынын студенти Кожомбердиева Жасмина), вокалдык искусство (Юк-1-22 тайпасынын студенти Маликов Исхак, Юк-1-24 тайпасынын студенти Токторбаева Сезимай, СК-1-25 тайпасынын студенти Абдурасулова Асема, БЭк-1-25 тайпасынын студенти Алимжанова Таңсулуу). Салтанаттуу иш-чарада студенттер өз өнөрлөрүн ар тараптан көрсөтө алышты.

Кароо-сынак жогорку деңгээлде экономика жана укук Институтунун директорунун орун басары Канымгул Мадановна Ташиева тарабынан уюштурулуп, студенттердин чыгармачылык дараметин ачууга, улуттук баалуулуктарды даңазалоого жана биримдикти бекемдөөгө чоң өбөлгө түздү.