1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

17

1

Экономика жана укук Институтунда QS  эл аралык рейтингинин критерийлерин ишке ашыруу

2026-жылдын 18-мартында QS эл аралык рейтингинин критерийлерин ишке ашыруу боюнча Экономика жана укук институтунда илим-билимдин сапатын жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган семинар уюштурулду. Семинарды университеттин тышкы байланыштар департаментинин директору Арапбаев Русланбек Нурмаматович өткөрдү.

Аталган семинар QS эл аралык рейтингинин критерийлерин терең түшүндүрүүгө жана университеттин дүйнөлүк билим берүү мейкиндигиндеги ордун бекемдөөгө багытталды. Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга эл аралык рейтингдин негизги көрсөткүчтөрү: академиялык аброй, иш берүүчүлөрдүн баалоосу, илимий макалалардын цитаталануу деңгээли, окутуучулар менен студенттердин катышы, ошондой эле эл аралык кызматташтык маселелери тууралуу кеңири маалымат берилди.

Семинардын жүрүшүндө Арапбаев Русланбек Нурмаматович университеттин рейтингдеги позициясын жогорулатуу үчүн бир катар практикалык сунуштарды берди. Алардын ичинде илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу, эл аралык журналдарда макалаларды көбүрөөк жарыялоо, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүү, академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү жана билим берүү процессине заманбап инновациялык ыкмаларды киргизүү сыяктуу маанилүү багыттар камтылды.

Семинар жогорку деңгээлде уюштурулуп, мазмундуу жана пайдалуу өттү.