1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

21

1

Ачык сабак: «Биринчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кире элек сот актыларын кайра кароо (апелляциялык өндүрүш)»

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине ылайык, 2026-жылдын 11-мартында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунун 2026-жылдын 11-мартында юриспруденция адистигинин Юк-1-23 тайпасында Жарандык процесстик укук сабагынан «Биринчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кире элек сот актыларын кайра кароо (апелляциялык өндүрүш)» темасы боюнча сот процессине арналган ачык сабак болуп өттү.

Сабак интерактивдүү ыкмалардын жардамы менен, сот процессин практикалык түрдө көрсөтүү аркылуу өткөрүлдү. Ачык сабакка институттун окуу-методикалык кеңешинин төрайымы Нуржамал Абжалаловна Жолдошова, «Жарандык укук жана адвокатура» кафедрасынын башчысы Нурлис Нарматович Нарматов катышты.

Сабак «Жарандык укук жана адвокатура» кафедрасынын окутуучусу Анжелика Түгөлбаевна Козукеева тарабынан даярдалып, студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды. Бул иш-чара билим алуучуларга юридикалык билимдерин тереңдетүүгө жана сот процессинин жүрүшүн практикалык жактан түшүнүүгө кеңири мүмкүнчүлүк берди.