1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

62

1

Студенттин жумуш ордунда окутуусу (ЖОО): соттук медициналык экспертиза  

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине жана окуу планына  ылайык 2026-жылдын 24-мартында “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук ИнститутунунЖалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунун юриспруденция багыты боюнча билим алып жаткан Юк-1-23 тайпасынын студенттери окуу процессинин алкагында Соттук медициналык экспертиза предметини боюнча Жалал-Абад областтык Соттук медициналык бюросунда  практикалык сабакка катышышты.

Практикалык сабактын негизги максаты – студенттерге жабырлануучулардын денесине алган жаракаттары боюнча, окуя болгон жерден  далил боюм зат катарында алынган биологиялык, химиялык заттарга соттук медициналык экспертизаларды өткөрүү боюнча жүргүзүлгөн лабороторялылардын  иш чарарлары жана   ишмердүүлүгү менен жакындан таанышуу менен бирге соттук  медицина кызматкерлердин күнүмдүк иши тууралуу түшүнүк берүү болду.

Сабак учурунда соттук медициналык экспертизада орун алган биологиялык, химиялык изилдөөлөрдү жана өлүктүн, тирүү адамдардын денесине алган жаракаттардын себептерин аныктоодогу тергөө учурундагы негизги фактылар  тууралуу да көрсөтүлдү, мындан тышкары, соттук  медицина кызматкерлердин жоопкерчиликтүүлүгү  боюнча түшүндүрмөлөр  түшүндүрдү.

Мындай практикалык сабактар студенттердин теориялык билимдерин бекемдеп гана тим болбостон, алардын келечектеги кесиптик даярдыгына чоң салым кошот. Студенттер соттук  медицина кызматкерлердин  иши менен жумуш учурунан кеңири  таанышып, өздөрүнүн суроолоруна жооп алышты.

Юк-1-23 тайпасынын студенттери жана ага окутуучу Талайбек Сусунбаев практикалык сабакты уюштурууга көмөктөшкөн соттук медициналык экспертизаларды өткөрүү кызматынын кызматкерлерине  ыраазычылык билдиришип, мындай иш-чаралар келечекте дагы улантылат деген ишенимин билдиришти.