1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

31

1

Академиялык кызматташтык: ЖАМУнун окутуучулары К. Карасаев атындагы БМУда тажрыйба алмашууда

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине ылайык, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети  менен К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин (БМУ) ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана 2025-2026-окуу жылына каралган академиялык мобилдүүлүк планын ишке ашыруу максатында, 2026- жылдын 12-мартынан 14-мартына чейин 11-мартындагы №156/1 буйруктун негизинде Экономика жана укук институтунун профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын окутуучулары Бишкек шаарына иш сапары менен барып келишти.

Иш сапардын алкагында Социалдык иш багытынын окутуучулары Ы.М. Кожоназарова жана Н.С. Алдозова К. Карасаев атындагы БМУнун Социалдык иш жана практикалык психология кафедрасынын профессордук-окутуучулук жамааты менен жолугушуп, пикир алышты. Жолугушуунун жүрүшүндө аталган кафедранын башчысы, философия илимдеринин доктору, профессор Орозалиев Эрик Садыкович өзүнүн фундаменталдык эмгектери болгон "Социалдык иштин теориясы жана практикасы", "Социалдык иштин философиясы" аттуу окуу куралдарын тааныштырып, кесиптештерине илимий-методикалык база катары белекке берди.

Иш сапар учурунда окутуучулар БМУнун Социалдык иш жана практикалык психология кафедрасынын окутуучу Аскарбекова Жылдыз Аскарбековна менен биргеликте бир катар профессионалдык маселелерди талкуулашты. "Социалдык иш" багыты боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарын модернизациялоо жана окуу пландарын өнүктүрүү жолдору талкууланды. Эки окуу жайдын ортосундагы студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн жандандыруунун маселеси каралып, учурда ЖАМУнун окутуучулары бекитилген жадыбалга ылайык, БМУнун студенттерине оффлайн форматында 1 модулдук теориялык лекцияларды жана практикалык мастер-класстарды өткөрүүнү ийгиликтүү улантышууда. Бул процесс сапаттуу билим берүү жана туруктуу өнүгүү максатында өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталып, мындай маанилүү академиялык иш сапарлар окутуучулардын кесиптик компетенцияларын арттырып, ЖАМУ менен БМУнун ортосундагы илимий-интеллектуалдык кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө жана биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашырууга бекем негиз түзөт.