1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

19

ОКУТУУНУН ИНТЕРАКТИВДҮҮ ЫКМАЛАРЫ: БОЛОЧОКТОГУ ИШКЕРЛЕР БИЗНЕС-ТОБОКЕЛДИКТЕРДИ КАНТИП МИНИМАЛДАШТЫРЫШАТ

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономика жана укук институтунун «Экономика, эсеп жана финансы» кафедрасында «Тобокелдиктер картасын иштеп чыгуу жана аларды минималдаштыруу стратегиялары» деген темада ачык сабак болуп өттү. Сабакты э.и.к., доцент А.Т. Мамыралиева БЭк-1-25 тайпасынын студенттери үчүн өттү.

Сабактын өзгөчөлүгү - Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) менен байланышы болду, тактап айтканда, №8-ТӨМ «Татыктуу жумуш жана экономикалык өсүш» жана №9-ТӨМ «Индустриялаштыруу, инновациялар жана инфраструктура». Сабактын жүрүшүндө студенттер чакан топтордо иштеп, реалдуу бизнес-кейстерди талдашты. Негизги көңүл азыркы шарттарда ишкердик үчүн потенциалдуу коркунучтарды аныктоого жана аларды «Тобокелдиктер матрицасы» аркылуу визуалдаштырууга бурулду.

Командалык иш студенттерге тобокелдиктердин ыктымалдуулугун жана зыянын баалоо методикасын өздөштүрүүгө гана эмес, аларды минималдаштыруунун конкреттүү стратегияларын иштеп чыгууга мүмкүндүк берди. Интерактивдүү формат сын көз караш менен ой жүгүртүүнү жана стратегиялык пландаштыруу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.

БЭк-1-25 тайпасынын студенттери аналитикалык ой жүгүртүүсүн, командада иштөө жана өз бизнес-чечимдерин коргоо жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтө алышты.

Сабакка катышкан кесиптештер иш-чаранын жогорку илимий-методикалык деңгээлин жана билим берүү процессине ТӨМдү интеграциялоонун актуалдуулугун белгилешти.