1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

27

1

Жумуш ордунда окутуу (ЖОО): Мекемедеги төлөмдөр алардын түрлөрү

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине,  жумуш ордунда окутуунун планына ылайык, өндүрүштүк практика мезгилинде 2026-жылдын 11-мартында “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунун СКк-1-23 тайпасынын студенттери Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын социалдык кызматтарды көрсөтүү бөлүмүндөМекемедеги төлөмдөр алардын түрлөрү деген темада университеттен практика жетекчи улуу окутуучу Ы.М. Кожоназарова ишкандагы бөлүмдүн адиси Г. Осмонова менен биргеликте иш процессин көргөзүү аңгемелешүү формасында жумуш ордунда окутуу өткөзүлдү. Анда: мекемедеги төлөмдөр, алардын түрлөрү жана социалдык жөлөкпулдардын категориялык түзүмү жана аларды эсептөө тартибин изилдөө иштерин түшүндүрүп берди. Бул багыттын алкагында калктын аялуу катмарларына берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулдардын классификациясы жана алардын статистикалык көрсөткүчтөрү талдоого алынды.

         Бул иш ордунда окутуунун максаты – студенттерге социалдык коргоо тутумундагы каржылык механизмдерди, төлөмдөрдүн даректүүлүгүн жана ченемдик-укуктук актылардын негизинде жөлөкпулдардын дайындалуу тартибин үйрөтүү болуп саналат. Сүрөттө көрсөтүлгөн шарттуу белгилер жана сандык көрсөткүчтөр мекеменин мониторинг жана отчеттуулук системасынын ачык-айкындуулугун тастыктайт.

         Алынган маалыматтар келечектеги адистерге социалдык паспортторду толтуруу, статистикалык маалыматтарды иштеп чыгуу жана калк менен иштөөдө профессионалдык компетенцияларын жогорулатууга шарт түзөт.