1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

35

1

Кылмыштуу ишмердүүлүктү жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү темасындагы конок лекция

Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында «Сапаттуу билим берүү» принципине ылайык, ошондой эле студенттердин финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, финансылык коопсуздук жаатында практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу максатында, 2026-жылдын 11-мартында «Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Экономика жана укук институтунун магистранттары жана окутуучулары үчүн «Кылмыштуу ишмердүүлүктү жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү» темасында конок лекция өткөрүлдү.

Лекция Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын окуу борборунун катышуусунда уюштурулду. Конок спикерлер катары финансылык мониторинг жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатындагы адистер катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү актуалдуу маселелер каралды: финансылык кылмыштардын маңызы жана түрлөрү; терроризмди каржылоонун механизмдери; кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүүнүн улуттук системасы; шектүү операцияларды аныктоодо финансылык институттардын ролу; финансылык мониторингдин жана көзөмөлдүн заманбап ыкмалары.

Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын мыйзамдык базасына, ошондой эле финансылык чалгындоо органдарынын ишинин практикалык аспектилерине бурулду.

Студенттер кызыктырган суроолорун берип, реалдуу кейстерди талкуулоого жана финансылык укук бузууларды аныктоонун заманбап инструменттери менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Мындай иш-чараларды өткөрүү билим берүү мекемелери менен мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун чыңдоого, ошондой эле экономика, финансы жана укук тармагындагы келечектеги адистердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга өбөлгө түзөт.