1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

1

Кесипке карай кадам: келечектеги экономисттердин практикасынын жыйынтыктары

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине жана окуу планына  ылайык 2026-жылдын 17-мартында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин, Үзгүлтүксүз билим берүү институтунда сырттан окуу бөлүмүнүн студенттеринин окуу-таанышуу практикаларынын жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу конференция өткөрүлдү.

Иш-чарага «Экономика» багыты боюнча БЭс-1-23, БЭс-2-23 жана «Каржы жана насыя» профили  боюнча ФКс-1-23 тайпаларынын студенттери катышты.

Куттуктоо сөзү менен кафедра башчысы, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Эмил Нажимидинович Толонов чыгып, окуу-таанышуу практикасынын студенттердин кесиптик компетенцияларын калыптандыруудагы маанисин белгилеп, алынган практикалык көндүмдөрдүн келечектеги кесиптик ишмердүүлүктөгү ордун баса көрсөттү.

Практика боюнча жооптуу, экономика илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу Гульчехра Батырбековна Абдырахманова практиканын жыйынтыгын чыгарып, студенттердин активдүүлүгүн жана берилген тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткаргандыгын белгиледи.

Ошондой эле конференцияда практика жетекчилери — экономика илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу Тамара Абдивалиевна Эргешова  жана окутуучу Эрнист Кубанычбеков сөз сүйлөп, студенттердин ишине баа берип, өз сунуштарын айтышты жана өзгөчөлөнгөн студенттерди белгилешти.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер практика боюнча отчетторун тааныштырып, алган тажрыйбалары менен бөлүшүп, теориялык билимдерди практикада колдонуу маселелерин талкуулашты.

Жыйынтыктоочу конференция окуу-таанышуу практикасынын жыйынтыктарын чыгарууда маанилүү этап болуп, студенттерге алган билимдерин системалаштырууга жана мындан аркы кесиптик өнүгүү багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк берди.