1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

1

Студенттердин өндүрүштүк практикасы – кесиптик калыптануунун маанилүү баскычы

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине жана окуу планына  ылайык 2026-жылдын 13-мартында “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунун экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын 580100 «Экономика» багыты «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит» профили боюнча күндүзгү окуу формасындагы БЭк-1-23 тайпасынын  жана Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун сырттан окуу формасындагы БЭс-1-22 тайпасынын  студенттери үчүн өндүрүштүк практика боюнча конференция өткөрүлдү.

Конференцияга экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын башчысы, э.и.к., доцент Толонов Э. Н., институттун практика жетекчиси, э.и.к., доценттин м.а. Абдырахманова Г. Б., ошондой эле өндүрүштүк практика жетекчилери Аширалиева Б. А. жана Жолболдуева Д. Ш. катышты.

Иш-чаранын негизги максаты студенттерди өндүрүштүк практиканы өтүүнүн негизги талаптары жана тартиби менен тааныштыруу, ошондой эле келечектеги адистерди бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит тармагындагы практикалык ишмердүүлүккө даярдоо болду. Өзгөчө көңүл теориялык билимдерди практикада колдонууга жана студенттердин кесиптик компетенцияларын калыптандырууга басым жасалды.

Конференциянын жүрүшүндө студенттерге өндүрүштүк практиканын максаты жана милдеттери, аны өтүүнүн эрежелери, практика күндөлүгүн жүргүзүү, өндүрүштүк практиканын программасы жана жыйынтыктык отчетту даярдоо боюнча талаптар тууралуу кеңири маалымат берилди. Практика жетекчилери ошондой эле практиканы өтүүнүн «жол картасын» түшүндүрүп, мекемелерде жана уюмдарда ишти натыйжалуу уюштуруу боюнча сунуштарын айтышты.

Мындан тышкары, кесиптик этика, болочок экономисттердин жоопкерчилиги, каржылык маалыматтын купуялуулугун сактоо, ошондой эле иш ордундагы ички эмгек тартибин жана коопсуздук техникасын сактоо маселелери каралды.

Студенттер практикаларын  өтөй турган уюмдардын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алышып, кызыктырган суроолорун берип, окутуучулардан жана практика жетекчилеринен кеңири жоопторду алышты.

Бул иш-чара «Экономика» багытындагы студенттердин кесиптик даярдыгындагы маанилүү этап болуп, бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит тармагындагы практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө даярдыгын калыптандырууга өбөлгө түздү.