1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

38

1

«Кесиптик көндүмдөрдү калыптандыруу: таанышуу жана квалификация алдындагы практикалардын башталышы»

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине жана “Социалдык иш” профилинин окуу плпнына ылайык 2026-жылдын 10-мартында “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунун профессор Ш. М. Ниязалиев атындагы Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын СКк-1-24 (2-курс) тайпасы таанышуу практикасына, ал эми СКк-1-22 (4-курс) тайпасы квалификация алдындагы практикага жөнөтүлдү.

Кафедра башчысы, ф.и.к., доцент Р. К. Шамшиев студенттерди куттуктап, социалдык кызматкердин коомдогу жоопкерчиликтүү ордун жана теорияда алган билимдери практикада кесиптик пайдубал болорун баса белгиледи. Практика жетекчиси, улук окутуучу Ы. М. Кожоназарова студенттерди практика өтө турган мекемелердин спецификасы, расмий сайттарынын функциялары, медиаборборлордун ролу, андагы маалыматтык агымды көзөмөлдөө жана санариптик кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңири маалымат ала алышты. Конференцияда практиканын максаттары, милдеттери, бөлүнгөн сааттардын саны, кредиттик бирдиктер, жоболор жана «Жол картасы» боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди.

Окутуучулар Н. С. Алдозова жана Н. А. Жолдошева этикалык ченемдер, бенефициарлар менен иштөөдөгү купуялуулук жана документтерди толтуруу боюнча баалуу кеңештерин беришти. Студенттерге иш ордундагы техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча нускамалар берилди.

Иш чаранын жыйынтыгында студенттердин академиялык билимин практикалык тажрыйба менен айкалыштырып, кесиптик көндүмдөрүн калыптандыруу болуп саналат. Студенттер эксперттерден өздөрүн кызыктырган суроолоруна толук кандуу жооп алышып, практикалык ишмердүүлүккө даяр экендиктерин көрсөтүштү.