1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

31

1

Жумуш ордунда окутуу: Жалал-Абад областтык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө

2026-жылдын 12- мартында Б.Осмонов атындагы экономика жана укук Институтунун “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Юк 1-22 тайпасынын студенттери окуу процессинин алкагында “Мыйзамды коргоо органдары” дисциплинасы боюнча практикалык сабакты Жалал-Абад областтык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө өтүштү.

Практикалык сабактын негизги максаты – студенттерге укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышуу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы кызматкерлердин күнүмдүк иши тууралуу түшүнүк берүү болду. Сабак учурунда бөлүмдүн кызматкерлери жол кыймылын көзөмөлдөө, жол кырсыктарын алдын алуу, айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр менен жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин мааниси тууралуу кеңири маалымат беришти.

Студенттерге жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо колдонулган техникалык каражаттар, кызматкерлердин кызматтык милдеттери жана жол кырсыктары катталган учурда жүргүзүлүүчү процесстер тууралуу да көрсөтүлдү. Мындан тышкары, аларга административдик укук бузуулар боюнча протокол түзүү тартиби жана мыйзам талаптары боюнча түшүндүрмөлөр  түшүндүрдү.

Мындай практикалык сабактар студенттердин теориялык билимдерин бекемдеп гана тим болбостон, алардын келечектеги кесиптик даярдыгына чоң салым кошот. Студенттер укук коргоо органдарынын иши менен жумуш учурунан кеңири  таанышып, өздөрүнүн суроолоруна жооп алышты.

ЮК-1-22 тайпасынын студенттери жана ага окутуучу Талайбек Сусунбаев практикалык сабакты уюштурууга көмөктөшкөн бөлүмдүн кызматкерлерине ыраазычылык билдиришип, мындай иш-чаралар келечекте дагы улантылат деген ишенимин билдиришти.