1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

1

Жумуш ордунда окутуу: Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Кинология бөлүмүндө

2025-жылдын 12-мартында Б.Осмонов атындагы экономика жана укук Институтунун “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Юк 1-22 тайпасынын студенттери Криминология дисциплинасынын алкагында практикалык сабак өтүү максатында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Кинология бөлүмүнө барып келишти. Бул иш-чара студенттердин теориялык билимдерин практикалык тажрыйба менен айкалыштыруу жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышуу максатында уюштурулду.

Практикалык сабактын жүрүшүндө студенттер кинология бөлүмүнүн кызматкерлери менен жолугушуп, алардын күнүмдүк ишмердүүлүгү, кызматтык иттерди даярдоо жана колдонуу ыкмалары тууралуу кеңири маалымат алышты. Кинолог адистер кызматтык иттер кылмыштарды ачууда, дайынсыз жоголгон адамдарды издөөдө, баңгизаттарды жана жардыргыч заттарды табууда кандайча колдонуларын түшүндүрүп беришти.

Ошондой эле студенттерге кызматтык иттердин машыгуулары көрсөтүлүп, бул  машыгууларга студенттер өздөрү да катышып көрүштү, ошондой эле кызматтык иттер  буйруктарды так аткаруу жөндөмдөрү, жыт аркылуу из кубалоо мүмкүнчүлүктөрү жана ар кандай кырдаалдарда иш алып баруу ыкмалары практикалык түрдө көрсөтүлдү. Бул көрсөтмөлөр студенттерде чоң кызыгууну жаратып, алар кинология кызматкерлерине өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, кеңири жоопторду алышты.

Практикалык сабак учурунда студенттер кылмыштуулуктун алдын алуу жана кылмыштарды иликтөө процессинде кинология кызматтарынын ролу абдан маанилүү экенине дагы бир жолу ынанды. Мындай иш-чаралар болочок юристтердин кесиптик багытын терең түшүнүүсүнө, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө болгон кызыгуусун арттырууга жана теориялык билимдерин практика менен бекемдөөгө чоң салым кошо турганын сезишти.

Иш-чаранын соңунда студенттер кинология бөлүмүнүн кызматкерлерине кызыктуу жана пайдалуу маалыматтары үчүн ыраазычылык билдиришип, мындай практикалык сабактар алардын келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө чоң жардам берерин белгилешти.

Жалпысынан алганда, өткөрүлгөн практикалык сабак студенттер үчүн абдан пайдалуу жана таасирдүү болуп, криминология сабагы боюнча ага окутуучу Талайбек Сусунбаевдин уюштурган иш чарасы боюнча алган билимдерин тереңдетүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлө турганын көрүштү.