1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

37

1

«Санариптик экономика шартында бухгалтердик эсептин, аудиттинжана финансынын өнүгүүсүнүн заманбап тенденциялары» аттуу илимий семинар

2026-жылдын 9-мартында «Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунун экономика, эсеп жана каржы кафедрасында «Экономика» багыты боюнча магистранттар үчүн «Санариптик экономика шартында бухгалтердик эсептин, аудиттин жана финансынын өнүгүүсүнүн заманбап тенденциялары» аттуу илимий семинар өткөрүлдү.

Семинарга «Бухгалтердик эсеп, аудит жана талдоо» профили боюнча БЭмс-1-24 тайпасынын  жана «Каржы жана насыя» профили боюнча ФКмс-1-24 тайпасынын  магистранттары катышышты.

Иш-чарага Экономика, эсеп жана финансы кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Эмил Нажимидинович Толонов, ошондой эле кафедранын окутуучулары катышты.

Семинардын негизги максаты санариптик экономика шартында бухгалтердик эсептин, аудиттин жана финансынын өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо жана магистранттардын илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн активдештирүү болду.

Семинардын жүрүшүндө бухгалтердик эсепти өркүндөтүү, финансы тармагына санариптик технологияларды киргизүү, ошондой эле уюмдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жана натыйжалуулугун камсыз кылууда финансылык анализ менен аудиттин ролу тууралуу актуалдуу маселелер каралды.

Семинардын алкагында төмөнкү милдеттер коюлду: бухгалтердик эсеп менен финансынын өнүгүүсүнүн заманбап багыттарын талкуулоо; санариптик технологиялардын финансылык системага жана эсеп жүргүзүү процесстерине тийгизген таасирин кароо; магистранттардын аналитикалык жана илимий ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү; илимий пикир алмашуу.

Семинар учурунда магистранттар активдүү катышып, өз ойлорун билдирип, экономиканын, финансынын жана бухгалтердик эсептин өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Семинардын жыйынтыгында мындай илимий иш-чараларды өткөрүү магистранттардын кесиптик даярдыгын жогорулатууга, илимий изилдөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана алардын экономика, финансы жана бухгалтердик эсеп тармагындагы билимдерин тереңдетүүгө чоң салым кошоору белгиленди.