1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

31

1

Студенттин жумуш ордунда окутуу 

 “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Экономика жана укук институтунун 580100 «Экономика» багыты, «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит» профили боюнча БЭк-1-23 тайпасынын студенттери үчүн «Салыктык эсеп» дисциплинасы боюнча Манас шаарынын Салык кызматында көчмө практикалык сабак уюштурулду.

Сабак Экономика, эсеп жана финансы кафедрасынын улук окутуучусу Аширалиева Б.А. тарабынан салык кызматынын адистери менен биргеликте өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө салык кызматынын кызматкерлери студенттерди салык органдарынын негизги иш багыттары менен тааныштырып, салыктык эсепти жүргүзүү тартиби, салыктарды администрлөө жана салык төлөөчүлөр менен иштөө тууралуу маалымат беришти. Өзгөчө көңүл салыктык отчеттуулукту даярдоо жана тапшыруу маселелерине, ошондой эле салык мыйзамдарын сактоого бурулду.

Студенттер салык органдарынын иш процессин, электрондук кызматтардын системасын жана салык кызматында колдонулган маалыматтык ресурстарды жакындан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Мекеменин адистери практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүп, ишканалар жана уюмдар үчүн салыктык эсепти туура жүргүзүүнүн мааниси тууралуу айтып беришти.

Сабактын практикалык бөлүгүндө студенттерге салыктык документтерди тариздөө мисалдары, салыктык отчеттуулукту талдоо тартиби жана салык кызматы менен салык төлөөчүлөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү.

Мындай көчмө сабактарды өткөрүү студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, кесиптик билимдерин кеңейтүүгө жана салыктык эсеп жаатындагы компетенцияларын калыптандырууга өбөлгө түзөт. Салык органдарынын реалдуу иши менен таанышуу студенттерге салык системасынын иштөө өзгөчөлүктөрүн жакшыраак түшүнүүгө жана университетте алган билимдерин практикада колдонууга жардам берет.