1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

1

Студенттин жумуш ордунда окутуусу (ЖОО): «Шор-Булак кирпич завод» ЖЧКсында

2026-жылдын 4-мартында «Финансалык эсеп» дисциплинасы боюнча ОсОО «Шор-Булак кирпич заводунда» студенттер үчүн көчмө практикалык сабак өткөрүлдү. Иш-чарага “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Экономика жана укук институтунун «Экономика» багытынын 580100 профили «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» адистигинде окуган күндүзгү бөлүмүнүн БЭк‑1‑23 тайпасынын студенттери катышты.

Практикалык сабакты Экономика, эсеп жана финансы кафедрасынын улук окутуучусу Аширалиева Б.А. ОсОО «Шор-Булак кирпич заводу» ишканасынын директорунун орун басары  Б.М.Кадыров менен биргеликте уюштуруп, өткөрдү.

Жолугушуу учурунда ишкана өкүлдөрү өндүрүштүк ишканада финансылык эсепти жүргүзүү боюнча практикалык тажрыйбасы менен бөлүшүп, материалдык ресурстарды, өндүрүштүк чыгымдарды жана даяр продукцияны эсепке алуунун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти. Студенттер бухгалтерия кызматын уюштуруунун негизги жагдайлары, документ жүгүртүү тартиби жана финансылык отчеттуулук жүргүзүү эрежелери менен таанышты.

Практиканын алкагында окуучулар университетте алган теориялык билимдеринин өндүрүштөгү реалдуу ишмердикте кантип колдонуларын көрө алышты. Аларга баштапкы бухгалтердик документтерди толтуруу процесси, өндүрүш чыгымдарын эсепке алуу жана финансылык отчеттуулукту даярдоо жолдору көрсөтүлдү.

Мындай көчмө практикалык сабактар студенттердин кесиптик компетенцияларын калыптандырууга, финансылык документтер жана бухгалтердик маалыматтар менен иштөө боюнча практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Ишкананын реалдуу өндүрүштүк жана финансылык чөйрөсүнө аралашуу студенттерге финансылык эсепти уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн тереңирээк түшүнүүгө жана теория менен практиканын байланышын бекемдөөгө жардам берет.

Практикага багытталган окутуу форматы болочок адистерге кесиптик чөйрөнүн талаптарына тез адаптацияланууга, баалуу тажрыйба топтоого жана өзүнүн келечектеги карьералык жолун ишенимдүү курууга шарт түзөт.

Конец формы