1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

1

Илимий ийрим  ийгиликтин ачкычы

2026-жылдын 5-мартында  Экономика жана укук институтунун «Экономика, эсеп жана каржы» кафедрасында “Маалыматтар технологиялары системасы аркылуу студенттердин кесиптик жөндөмүн калыптандыруу” деген темада кереге кеңеш өткөрүлдү.

Кереге кеңешке кафедранын профессордук-окутуучулук курамы, «Жаш финансист», «Жаш бухгалтер» илимий ийримдеринин мүчөлөрү жана студенттер, магистрлер катышышты.

Иш чарага “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин  Илим бөлүмүнүн жетекчиси Жороева Айнура Маматовна катышып, катышуучуларга теманын актуалдуулугу боюнча токтолуп кетти.

Иш-чарада студенттер, магистрлер илимий макалалары боюнча презентация жасашты. Ийримдин катышуучулары Кыргызстандын экономикасындагы жасалма интеллект жана азыркы замандагы акчанын технологиялык ролу, өндүрүштө инновациялык технологияларды колдонуу жана башка тармактар боюнча маселелерди талкуулашты.

Жыйынтыгында кафедра башчы э.и.к., доцент Э.Н. Төлөнов сөз сүйлөп, мыкты студенттерге жана магистрлерге “Эң мыкты баяндамасы үчүн” жана активдүү катышкандыгы үчүн сертификаттарды тапшырып, аларга илимий-изилдөө иштеринде ийгиликтерди каалоо менен кафедранын атынан ыраазычылык билдирип кетти.