1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

48

1

Магистранттардын стажировкасы

2026-жылдын 6-мартында «Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Экономика, эсеп жана каржы кафедрасында «Экономика» багыты боюнча  (профили Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит, финансы жана кредит) БЭмс-1-24, ФКмс-1-24 тайпаларынын магистранттары кафедрада стажировкадан өтүштү.

Стажировканын алкагында магистранттар 580100 Экономика багытынын (бакалавриат) 2,3-курсунун студенттери үчүн конок лекцияларын өткөрүшүп,  экономика, бухгалтердик эсеп, финансы жана кредит тармактары боюнча теориялык билимдерин жана практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Өткөрүлгөн сабактар студенттердин кесиптик билим деңгээлин жогорулатууга жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.

Бул иш-чара магистранттар үчүн маанилүү тажрыйба болуп, алардын алган билимдерин бекемдөөгө, педагогикалык жана практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө, ошондой эле магистранттар менен бакалавриат студенттеринин ортосундагы академиялык кызматташтыкты чыңдоого жардам берерин кафедра башчысы э.и.к., доцент Э.Н.Төлөнов баса белгиледи.