1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

45

1

Экономика жана укук институтунун 2025–2026-окуу жылынын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштерт

Экономика жана укук институтунда 2025–2026-окуу жылынын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштер боюнча отчет Институттун окумуштулар кеңешине каралды. Жыйынды институттун директору, экономика илимдеринин доктору, профессор Айнура Каныбековна Аскарова жетектеди.

Күн тартибине кафедралардын жана институттун биринчи жарым жыл ичиндеги окуу иштери, окуу-усулдук иштери, илимий-изилдөө иштери жана коомдук-тарбиялык иштери боюнча аткарылган иштердин отчеттору коюлду. Кафедра башчылары окуу, окуу-усулдук, илимий жана тарбия иштеринде аткарылган иштер боюнча отчет беришти.

Институттун директору Айнура Каныбековна жалпы институт боюнча окуу иштери тууралуу баяндап, биринчи жарым жылдыкта аткарылган жана аткарылбай калган сааттар боюнча маалымат берди. Ошондой эле модулдардын анализи, сессиянын жыйынтыктары, студенттердин сабакка катышуусу жана жетишүүсү тууралуу маалымат берип, биринчи жарым жылда аткарылган окуу-усулдук иштерге кеңири токтолду.

Илимий иштер боюнча жыл ичинде үч илимий-практикалык конференция өткөрүлгөндүгүн белгиледи. Институттун профессордук-окутуучулук курамынын өкүлдөрү да үч илимий-практикалык конференцияга катышканын билдирди. Жыл ичинде жалпы жарыяланган макалалардын саны 51 болуп, анын ичинде SCOPUS базасында – 7 макала, РИНЦ базасында – 38 макала, КИНЦ базасында – 4 макала жана башка басылмаларда – 2 макала жарык көргөн. Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү» аттуу ЖОЖдор аралык акыл таймашка алты жогорку окуу жайдын арасынан юриспруденция адистигинин 2-курс студенттеринен түзүлгөн курама команда катышты. Команда өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна болгон жогорку кызыгуусун, шайлоо процессин терең түшүнгөнүн жана берилген тапшырмаларды татыктуу аткарганын көрсөтүп, 1-орунду ээледи. Натыйжада алар кубокко жана башка баалуу белектерге ээ болуп кайтышты.

Тарбиялык иштер боюнча он үч уюштуруучулук, он төрт таанып-билүүчү жана тарбиялык салтанаттуу иш-чаралар, ошондой эле төрт кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлгөнү белгиленди.

Ар бир жетекчинин берген отчету боюнча суроо-жооп болуп, сунуштар айтылды.

Жыйынтыгында Экономика жана укук институтунун 2025–2026-окуу жылынын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери канааттандырарлык деп табылды.

Жыйындын аягында сыйлоо аземи болуп, ЖАМУнун 2025-жылдагы календардык жылында университеттин илим жаатындагы рейтингинин өсүшүнө кошкон салымы жана мыкты илимий-изилдөө иштери үчүн профессордук-окутуучулук курамына сертификаттар тапшырылды.