1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

33

«БЕЙИШ ЭНЕНИН ТАМАН АЛДЫНДА» АТТУУ МАЙРАМДЫК КОНЦЕРТ ӨТКӨРҮЛДҮ

Экономика жана каржы кафедрасында 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык маанайдагы «Бейиш эненин таман алдында» аттуу концерттик иш-чара өткөрүлдү.

Концерттик программаны кафедра башчысы, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Төлөнов Э.Н. ачып, аялзатына болгон терең урмат-сыйын билдирип, энелердин коомдогу жана үй-бүлөдөгү орду өзгөчө экенин белгиледи.

Майрамдык иш-чарага Экономика жана укук институтунун директору Айнура Каныбековна катышып, бардык айымдарды 8-март майрамы менен куттуктап, чың ден соолук, бакыт-таалай жана чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Концерттик программа абдан кызыктуу жана мазмундуу болду. Анда:

·                     эне тууралуу ырлар,

·                     көркөм окуулар,

·                     бий номерлери,

·                     кыргыз элинин чыгаан аялдарын даңктаган театралдык постановкалар көрсөтүлдү.

Ошондой эле студенттер үчүн кызыктуу интерактивдүү оюндар уюштурулуп, майрамдык маанай жаралды.

Иш-чарага кафедранын жалпы жамааты активдүү катышып, катышуучуларга жакшы маанай тартуулады.

Белгилей кетсек, концерттик программаны ФКк-1-25 тайпасынын студенттери даярдап, жогорку деңгээлде өткөрүштү